Ош шаарында дааватчылардын кезектеги окуу курсу аяктады

Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы жана Ош шаардык, Ош облустук мусулмандар казыяты борбордук "Имам аль-Бухари Алай" мечитинде уюштурулган кезектеги дааватчылардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн уюштурулган окуу курсу жыйынтыкталып, казыят тарабынан даярдалган сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу казыяттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, сертификат тапшыруу аземине Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, казыяттын мечиттер жана окуу бөлүмүнүн башчысы Зарипбек Шерматов, борбордук мечиттин имамы Мурзакул кары Осмонов, курстун окутуучулары жана курста окуган дааватчылар катышты.
Эскерте кетсек, окуу курсунда Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан бекитилген устаздар сабак беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан