Жалал-Абад облусунда 35 жаштагы айым үч эмди жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн стационарынын башчысы Эльмира Төрөгелдиева билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад шаарынын тургуну Шахнозахон Абдазимова төрөт үйүнө оор абалда келип түшүп, 2 уул, 1 кызды операция жолу менен төрөдү.
“Үч эм жарык дүйнөгө 29-декабрда келген. Төрөгөн айымдын абалы туруксуз болгондуктан, анын туугандары коомчулукка жарыялабай турууну суранышкан. Учурда Шахнозахондун ден соолугу туруктуу болуп калды. Ал эми наристелер өздөрүн жакшы сезишүүдө. Биринчи төрөлгөн уулдун салмагы 2400 грамм, экинчи кыздыкы 2260 грамм жана үчүнчү уулдуку 2790 грамм болду. Буюрса, дагы 2-3 күндө төрөт үйүнөн чыгарабыз деген ойдобуз”,- деди Төрөгелдиева.
Төрөт стационарынын жетекчисинин айтымында, Шахнозахон Абдазимованын үч эмден тышкары
2010, 2013-жылкы эки уулу бар.