Түндүк Корея суутек жарылуучу затын сыноону ийгиликтүү өткөргөндүгү аталган өлкөнүн борбордук телеканалы аркылуу жарыяланды.
"Бүгүн суутек жарылуучу затын сыноо ийгиликтүү өттү",- деди Түндүк Корея телевидениесинин диктору. Анын айтымында, бул куралга ээ болуу Корея үчүн тарыхый окуя болду.
Бул өлкө 2005-жылы өзүн өзөктүк куралга ээ болгон мамлекет экенин жарыялагандан бери 4 жолу өзөктүк куралын сынады. 2006, 2009 жана 2013-жылдары да сынагандыктан, БУУнун Коопсуздук кеңеши аталган өлкөгө каршы санкцияларды киргизген.
Түштүк кореялык ММКлар билдиришкендей, буга чейин күчү 5,1 баллга барабар болгон жер титирөө дал ушул жардыруудан улам болушу мүмкүн экендигин кабарлашат. Себеби жер титирөөнүн очогу Түндүк Кореянын Пхунгери өзөктүк полигонунун аймагында жайгашып, "жасалма белгилерге" ээ болгон.
Эске сала кетсек, бир ай мурун Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын өлкө суутек жарылуучу затына ээ болуп, улуттун эгемендүүлүгүн жана ар-намысын коргой алчу улуу мамлекет болгонун айткан.