Бишкекте “Жылмаюуң менен бөлүш” аттуу кайрымдуулук сүрөт көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу маалымат Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин расмий сайтына жарыяланган.
Анда билдирилгендей, көргөзмө-жарманке 19-январдан 4-февралга чейин аталган музейде өткөрүлөт. Кайрымдуулук иш-чарасына жаш балдардын колдорунан чыккан сүрөттөр коюлат. Ал эми сатуудан түшкөн каражат аутизм менен жабыркаган наристелер фондуна жардам катары берилет.