Бир жыл мурун, 2015-жылдын 7-январында Париждеги "Шарли-Эбдо" журналынын кеңсесине террорчулар кирип, кызматкерлерин аткылашкан. Окуяда 12 адам каза болуп, кылмышка шектүү ага-ини да өлтүрүлгөн.
Бул кылмыштын бир жылдыгына журналдын атайын чыгарылышы бүгүн, 6-январда сатыкка 1 миллиондой нуска менен чыкты. Чет элдик маалымат булактары жарыялашкандай, журналдын мукабасында журналисттердин өлүмүнө жооптуу Кудай делген кишинин сүрөтү тартылган. Сакалдуу адам кан болгон узун кийим кийип, автомат асынып баратканы чагылдырылды. Сүрөттүн жанында "Бир жыл өттү, киши өлтүргөндөр дале эркиндикте жүрүшөт" деп жазылган. Сүрөттүн автору - журналдын башкы редактору Лоран Суриссо.
Журналдын бул санында динди шылдыңдаганы үчүн журналды жок кылгысы келген динчил адамдар сынга алынышты.