Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - "Өлкөдө 2015-жылы 29,7 миң кош бойлуу жана төрөгөн айымдарга жөлөк пул төлөнгөнүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жалпысынан аларга 209,5 миллион сом төлөнүп берилген" деген маалымат "Соңку кабарга" чыкты. Мен өзүм кош бойлуумун, жөлөк пулду кантип алса болот, түшүндүрүп берип коюңуздарчы? Суроо калтырган Kasha03
Жооп: - Өлкөдө кош бойлуу жана төрөгөн айымдарга жөлөк пул алар жашаган аймакка, башкача айтканда, тоолуу жана тоолуу эместигине жараша берилет. Тоолуу эмес аймакта жашап-иштеген айымдарга бир жолу 3,5-4 миң сомдун тегерегинде жөлөк пул берилет. Ал эми бийик тоолуу аймакта жашаган кош бойлуу айымдарга эмгек акысы канча болсо, ошого тете жөлөк пул төлөнөт. Мисалы, айлыгы 15 миң болсо, 15 миң сом жөлөк пул алат. Мындан тышкары иштеген жеринде 10 күндүк маянасына тете каражат төлөнүп берилет. Эгер айымдын айлыгы 10 миң сом болсо, ага орто эсеп менен 3,5 миң сом чегерилет.
Ал эми эч жерде иштебеген кош бойлуу айымдар Жумуш менен камсыз кылуу борборунда каттоого туруп, тоолуу эмес аймакта жашаса, 3,5-4 миң сом, тоолуу аймакта турса, 5-6 миң сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт.
Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жөлөк пулдарды дайындоо боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Зайнап Исакова жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.