Бишкекте жаңы жылдык эс алуу күндөрү туруктуу жашай турган жери жок 114 адам баш паанек кылуучу жайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, борбордун баш калкалаар жерлери дагы деле селсаяктарды кабыл алышууда. Мисалы, Биринчи Май районунда жайгашкан «Коломто» баш паанек кылуучу жайында учурда 70 адам жашоодо. Мындан тышкары кыш мезгилинде дагы башка селсаяктар үчүн атайын жайлар жардам көрсөтүшөт. Туруктуу жашай турган жери жок тургундарга күнүгө бир маал ысык тамак жана түнөө үчүн орундук берилет.