Темир Сариев өлкөбүздүн жарандарын Рождество майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Темир Сариев өлкөбүздүн жарандарын Рождество майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер, христиандар!

Сиздерди жаркын майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бул майрам миллиондогон адамдардын үйүнө жарык маанай тартуулап, жылуу кабар жеткирип, жалпыбызды адамдык рухий баалуулуктардын тегерегинде баш коштуруп, адамдык бийик сапаттардын жана коомдогу ынтымактын бекемделишине салымын кошот.

Рождество күндөрү кайрымдуулукка, мээрим төгүүгө басым жасалып, биздин көңүл буруубузга муктаж жактарга кол сунууга үндөйт. Рождество майрамы – жаңылануунун, жаңы жашоонун, үмүт-тилектердин майрамы.

Сиздерге рухий эрктүүлүктү, адамдарга болгон мээримдүү мамилени, бакубаттуулукту жана тынчтыкты каалайм. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык жана ынтымак орун алып, ар бир үйдө жылуулук жана ынтымак-ырашкерлик түнөк тапсын. Дагы бир ирет майрамыңыздар менен!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oljazbek
2016-01-09 18:23:54
майрам эмес бул !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан