2016-жылы 4-январда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору Жээнбек Кулубаев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кази Хабиб Ур Рехман менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кази Хабиб Ур Рехман Пакистан өкмөтү өлкөбүздүн түштүгүндө болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай жардам көрсөтүү чечимин чыгаргандыгы тууралуу катты тапшырды. Ошондой эле Пакистандын элчиси бул жардам кыргыз элине чын жүрөктөн берилип жатканын белгиледи. Жээнбек Кулубаев пакистандык тарапка өз убагында берилген жардамы үчүн ыраазычылыгын айтты.