"Өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делген балдардын атасы SUPER.KG порталына “Милициясы жок эле бүтүрөлү” деп жатышат. Мен андай кыла албайм" деп билдирди. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конушуна барып, сабалды делген балдардын ата-энеси Талант Борончиев жана Жазгүл Ыдыева менен жолуктук.
“Сентябрь айынын башында өгөй кайненем эки баламды “багып берем” деп болбой алып кеткен. “Мейли, барса барып келишсин” деп жибергем. Октябрь айынын ортосунда барып келгем, анда жакшы эле карап жаткандай болгон. Бирок мындай ишке барат деп эч ойлобоптурмун”,- дейт балдардын апасы Жазгүл Ыдыева.
Ал эми сөз болуп жаткан эки бир туугандын бири, 6 жаштагы Диана (аты өзгөртүлдү) буларды айтып берди: “Чоң энем тазикке ысык суу коюп, ага бөбөгүмдү отургузду. Ал чыдабай туруп кетти. Мен ага болушайын десем, менин колумду мешке такады. Анан "болушсаң ушундай болот" деп үйдөн кууп чыкты. Түнү бою көчөдө жалгыз жүрдүм. Күн чыкканда үйгө алып келип, иним экөөбүздү сабады”.
"Кызым айтпаса, биз ал жөнүндө билбей калмак экенбиз. Мага телефон чалып “милициясы жок эле бүтүрөлү” деп жатышат. Мен андай кыла албайм. Колу менен кылганын моюну менен тартышсын",- дейт аталган балдардын атасы Талант Борончиев.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, бул окуя боюнча тиешелүү материалдар Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлөт. Ал эми окуя тууралуу экинчи тараптын оюн угуу үчүн байланышууга аракет кылдык, бирок сүйлөшө алган жокпуз. Эгерде экинчи тарап өз оюн билдиребиз дешсе, угууга даярбыз.
Айта кетсек, 5-январдан 6-январга караган түнү “Тез жардам” кызматы аркылуу Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конушунан "өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делип 3 жаштагы бала жана анын 6 жаштагы эжеси Бишкектеги №3-шаардык балдар ооруканасына алынып келинген. Аталган оорукананын дарыгерлери балдардын денесинен көк ала тактарды жана алар буга чейин да сабалгандыгынын белгилерин көрүшкөн. Оорукана башчысынын орун басары Данияр Шайбековдун айтымында, балдардын абалы анча оор болбогондуктан, аларга амбулатордук түрдө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлгөн.