Христиандар Юлиан календары боюнча Рождество майрамын белгилешти

Христиандар 7-январга караган түнү чиркөөдөгү башкы майрамдардын бири болгон Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешти. Юлиан календары боюнча Рождествону орус православдык чиркөөсүндө жана Сербия, Грузия, Иерусалим жана Польшадагы чиркөөлөрдө белгилешет.

Иса пайгамбардын туулган күнү чоң диний майрам катарында кайсы мезгилден тарта белгилене баштаганы, пайгамбардын туулган жылы туурасындагы так маалыматтар жок. Айрым диний китептерде бул мезгил 4-кылымдагы Христиан чиркөөсүнүн Рим империясын бийлей баштаган учуруна туура келери айтылса, дагы бирөөлөрүндө кийинчерээк баштала тургандыгы жазылган. Бирок Орусия аймагында майрамды белгилөө 10-кылымда өлкөдө христиан дининин кабыл алынышы менен башталганы маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан