Эстонияда ойнотулган эл аралык лотереяда эки жаран жеңүүчү болуп чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 804 884,9 еврону жеңүүчүлөр экиге бөлүп алышты. Алар Эстониянын жана Норвегиянын жарандары экени белгилүү болду. "Оюндун эрежеси боюнча, алардын аты-жөнү жарыяланбайт. Эстонияда "Эсти Лотто" мамлекеттик мекемеси 1991-жылдан бери лотереялык оюндарды өткөрөт. Буга чейинки рекорд 2013-жылы болгон. Анда жеңүүчү 768,7 миң евро уткан",- деп жазышат басылмалар.