Акыркы 5 жылда медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 39 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. Маалым болгондой, 2010-жылдан 2015-жылга чейин биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөткөн дарыгерлердин айлыгы 8393 сомдон 10 644 сомго, орто медицина кызматкерлеринин маянасы 6367 сомдон 8859 сомго көтөрүлгөн. Ал эми кенже медицина кызматкерлеринин бир айда тапканы 2955 сомдон 5621ге жогорулаган.
Ошондой эле акыркы беш жыл аралыгында стационар дарыгерлеринин айлыгы 8263 сомдон 11 780 сомго, ушул эле стационарда орто медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 7267 сомдон 10 018 сомго көтөрүлгөн. Ал эми кенже кызматкерлердики 3307 сомдон 6673 сомго чейин өскөн.