Түркмөнстандын Көөнө-Үргөнч шаарында элдик табыптарга калкты дарылоого тыюу салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат кызматтары жазып чыгышты. Маалым болгондой, укук коргоо органдары аталган шаарда элдик ыкма менен жергиликтүү тургундарды дарылап жүргөн 30 табыпты чогултуп, өкмөттүн буйругу менен алар мындан ары бул жаатта иш жүргүзө алышпасын билдиришкен. Органдардын билдиришинче, дарылоо менен алектенүү үчүн табыптар Саламаттыкты сактоо министрлигинен атайын лицензия алышы керек.
Түркмөнстандын массалык маалымат каражаттары билдиргендей, аталган аймакта жашаган эл жергиликтүү дарыгерлердин ишине канааттанышпайт. Мындан улам акчасы бар тургундар дарылануу үчүн Түркия жана Иранга барышат. Ал эми каражаты жоктор табыптарга кайрылып келишкен.