Аксыда 8 гектар жерге күнөскана курулууда

Аксы районунда 8 гектар жерге күнөскана курулууда. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, күнөскана ишке киришсе, 130 киши иш менен камсыздалат. Аталган министрликтин жетекчиси Турдуназир Бекбоев Аксы районундагы иш сапарында аталган күнөскана, Кош-Дөбө каналынын абалы менен да таанышкан. "Буга чейин Кош-Дөбө каналына суу келбей жатат деген маалыматтар тараган. Министр каналдын иши менен таанышып чыккандан кийин мындай маалыматтар жалган экендиги аныкталды",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кош-Дөбө каналы 2014-жылдын жаз мезгилинде ачылган. Жергиликтүү тургундар канал ачылгандан көп өтпөй суу келбей калганын, каналдын айрым жерлери бузулуп кеткенин айтышкан. Маселе парламентте да көтөрүлүп, каналга суунун берилбей жатышын текшерүү сунушталган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2016-01-08 15:21:14
Кош-добо каналы Атамбаев келгенде суу насос менен берилип турган . Кетери менен токтогон эле. Кийин кайра бутбогон жерин буторуп , суу берилген окшойт да .

Падыша ата суу каналы 2000 жылдары башталган эле, акчасы бир жактарга аш болуп кеткен окшойт ю Дымдарек болуп токтоп турат дагы эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан