Орусиянын телеканалдарына кыргыз өлкөсүндө өзгөчө статус берүү демилгеленип, 5-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун талкуусуна койгон.
Бул маселе коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Социалдык тармактарда интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү демилгеге каршы чыгышып, өз ойлорун билдирип жатышат. Айрымдары: "Бүгүнкү күндө ММКлар элге өз убагында маалымат берип, акыркы жаңылыктар менен камсыз кылганы менен, алардын жардамы аркылуу калктын пикирин жана ой жүгүртүүсүн калыптандырууга боло турганы баарына белгилүү. Орусиялык телеканалдарга өзгөчө макам берүү - чоң ката. Башка өлкөлөр Орусиянын телеканалдарынан арылып жатканда, биздин туура эмес жолго кайтканыбыз - маңкуртчулук",- деп жазышууда.
Эскерте кетсек, Казакстан бул орусиялык телеканалдарга ушул жылдын 1-январынан тартып чектөө киргизген.