Кыргыз Республикасында IDA айдоочулук күбөлүктөрү 2015-жылдын декабрь айынан баштап бериле баштаган. Бул тууралуу Эл аралык айдоочулар ассоциациясынын (IDA) Казакстандагы аймактык өкүлү Навруз Абдурахмон SUPER.KG порталына кабарлады.
Күбөлүк эл аралык конвенциялардын талаптарына жооп берип, ээсине чет өлкөдө унаа айдоо укугун берет. Күбөлүктү алуу сынак тапшырууну талап кылбай, колдонулуп жаткан айдоочулук күбөлүктүн негизинде гана берилет. IDA күбөлүгү улуттук айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү бүткөнчө жарактуу боло берет.
"Бул күбөлүк жол кыймылы тууралуу Вена жана Женева конвенцияларынын талаптарына жооп берген жалгыз эл аралык күбөлүк жана бул анын артыкчылыгы. Азырынча, тилекке каршы, Кыргыз Республикасында IDA филиалы ачыла элек. Каалоочулар күбөлүк алуу үчүн билдирмени биздин расмий сайт аркылуу бере алышат",- деп кошумчалады Навруз Абдурахмон.