"Төшөккө заңдап койгону үчүн өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делген 3 жашар бала кайрадан ооруканага жаткырылды. Баланын учурда абалы оор болуп жатканын бүгүн SUPER.KG'ге апасы Жазгүл Ыдыева билдирди. "Балам алган жараатынан улам кайрадан сыркоолоп жаткандыктан, 7-январда №3-шаардык балдар ооруканасына жаткырдык. Кызымдын абалы жакшы эле",- деди Ыдыева.
Эскерте кетсек, 5-январдан 6-январга караган түнү “Тез жардам” кызматы аркылуу Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конушунан "өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делип 3 жаштагы бала жана анын 6 жаштагы эжеси Бишкектеги №3-шаардык балдар ооруканасына алынып келинген. Аталган оорукананын дарыгерлери балдардын денесинин ысык сууга күйгөнүн жана алар буга чейин да сабалгандыгынын белгилерин көрүшкөн. Оорукана башчысы балдардын абалы анча оор болбогондуктан, аларга амбулатордук түрдө медициналык жардам көрсөтүп, үйүнө чыгарып жиберген.