Баткендин эки жашоочусунун Тажикстандан кармалышы боюнча маалымат териштирилүүдө

Кыргыз мамлекетинде дайынсыз болуп жаткан балдардын Тажикстандан баңгизат менен кармалышы тууралуу маалымат териштирилүүдө. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупованын билдиришинче, милицияга жоголгон балдардын бири Махаматжан уулу Искендердин жакындары кайрылышкан. Искендер үйүнөн унаасын айдап кеткен бойдон кайрылып келбегени, анын досу Бекзат Мамытовдун да ошол күнү кетип, дайынсыз болуп жатканы кабарланган. "Азырынча бул маалымат тактала элек. Учурда ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери иштеп жатышат. Маалымат такталса, кошумча кабарлайбыз",- деп билдирди SUPER.KG порталына Юсупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2016-01-08 14:59:05
Баткенде жоголгон жоокер эмне болду ? табылдыбы /?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан