Дарыгер: "Бир жума аралыгында жугуштуу оорулар ооруканасына 2 миңден ашуун адам жардам сурап кайрылды"

Бир жума аралыгында Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жардам сурап кайрылгандардын саны 2 миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын кабыл алуу бөлүмүнүн жетекчиси Асел Балабасова билдирди.

"Жаңы жылдын алгачкы күнүнөн тарта ооруканабызда тыным жок. Сасык тумоо, ботулизм, менингит сыяктуу оорулар менен кайрылгандардын саны көп болууда. Алардын 70 пайызын жаш балдар, ал эми 30 пайызын чоң адамдар түзөт. Бир жума аралыгында 2000ден ашуун адамга тиешелүү медициналык жардам көрсөттүк. Күнүнө 300дөй адам кайрылып жатат. Биз өлкө аймагынан келгендердин баарын кабыл алабыз. Ошол себептен ооруканада орун жетишпей, айрымдар коридордо жатууга аргасыз болушууда", - дейт А.Балабасова.

Азыктан ууланган бейтаптардын абалы оор
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2016-01-08 14:57:19
ботулизм менен жаткандар эмне болду ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан