Түштүк Кореянын Пусан портунан Япониянын Фукуока шаарына жүргүнчүлөр менен бара жаткан "Beetle" кемеси деңиз жандыгы менен сүзүштү. Болжол менен кеме кит менен сүзүшкөндүгүн аталган өлкөлөрдүн ММКлары жазып чыгышты.
Кеме 180 жүргүнчүсү менен саатына 55 чакырым ылдамдыкта бара жаткан. Сүзүшүүнүн айынан кемедеги 9 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алган. Кеме эч нерсе болгон эмес, бирок Пусан портуна аргасыз кайтып, жабыр тарткандар ооруканага жеткирилишкен.