11-январда саат 10:00дөн 12:00гө чейин Дордой-2 конушунда, саат 12ден 15:00гө чейин Кайыңды конушунда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми Москва районунун Төмөн-Суу, Беловодск, Сретенка айылдарында, Чүй районунун Сайлык, Жаңы-Чек, Жаңы-Турмуш айылдарында, Сокулук районунда жайгашкан Шопоков шаарында, Романовка айылында жарык өчүшү мүмкүн. Ошондой эле Новопокровка, Люксембург айылдарында, Кант шаарында жарык өчөт.