Кочкор районундагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ботулизмге кабылган төрт адам дарыланууда. Бул тууралуу 9-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Дарыланып жаткан бейтаптар 7-январда ооруканага келип түшүшкөн. Алар: 27 жаштагы Максатбек Төлөев, 24 жаштагы Адылбек кызы Жылдыз, 7 жаштагы Дилназ Кумарбекова, 6 жашар Эвелина Кумарбекова. Бейтаптар тиешелүү жардам алышты, аларды инфекционист, невропатолог, реаниматологдор карап жатышат. 3 адамды инфекциялар бөлүмүнө которуу чечими кабыл алынды. Максатбек Төлөев жандандыруу бөлүмүндө дарыланат.