Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн, 9-январда Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында ботулизмге кабылган 14 бейтап дарыланып жатат. Алардын бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө, экөөнүн абалы өтө оор бойдон калууда. 47 жаштагы бейтап жандандыруу бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө которулса, 19 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүнө которулду. Калган бейтаптардын абалы туруктуу оор деп саналууда.
Өткөн сутка ичинде аталган ооруканага 305 адам кайрылган. Алардын 106сы ооруканага жаткырылды. 9-январь, саат 10:00гө карата маалымат боюнча, ооруканада жалпы 448 бейтап бар. Анын 380и жаш балдар.
"Орун жоктугуна байланыштуу адамдарды коридорго жаткырууга аргасызбыз. Бул баласын карап жаткан энелердин нааразылыгын жаратууда. Адамдардын көбөйүп кетиши инфекциянын тарап кетүү коркунучун пайда кылат. Бейтаптардын саны көп болгондуктан, дарыгерлер күн сайын жана дем алыш күндөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат",- деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.