Донецк облусуна караштуу Краматорск шаарында сасык тумоодон каза тапкандардын саны 15 адамга жетти. Бул тууралуу орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сасык тумоодон каза тапкандар 28-декабрдан тарта каттала баштаган, азыркы тапта алардын саны 15 адамга жетти. Каза болгондор эч кандай өнөкөт оорулар менен оорубагандары аныкталды. Алардын сасык тумоого каршы дары-дармек ичпегендиги айтылууда. Учурда аталган аймактын ооруканасында 180 адам (анын ичинен 22си жаш балдар) дарыланып жатат.