Бүгүн, 11-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогорулайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Министрлик аталган трассаларда жол жүргөн айдоочулардан унаалардын ортосунда аралык 500 метрден кем болбошу керектигин эскертет.