Тогуз-Торо районунда ботулизмден көз жумган Жамалкан Кадыржанованын 5 баласы болгон. Алардын бири 10 айлык эмчектеги бала экенин Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Рахат Абдыкадыров SUPER.KG'ге 11-январда билдирди. Учурда ымыркайды туугандары багып жатканын айтты. "Балдарга туугандары менен бирге жардам берип, каралашып турабыз. Ымыркайды туугандарынын бири багып жатат",- деди Абдыкадыров. Ошондой эле аларга мамлекет тарабынан да жардам бериле турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Тогуз-Торо районунда 9 адам консерваланган азыктан ууланып, экөө ооруканага келе жатканда жолдон каза болгон. Анын бири 5 баланын энеси болсо, бири жаш бала. Калган 7 адамдын экөө оор абалда болгондуктан, Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылса, калганы Кочкор райондук ооруканасында дарыланышууда.