"Өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делген балдардын иши боюнча чогултулган материалдар Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жете элек. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.
Балдардын ата-энеси өгөй чоң энесинин үстүнөн өткөн жумада арыз жазган болчу. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, чогултулган тиешелүү материалдар ошол күнү экспресс почта аркылуу Нарынга жөнөтүлгөн.
"Чогултулган материалдар азыркы тапта келе элек. Ал келери менен тергөөчү иликтөө иштерин жүргүзө баштайт. Балдардын өгөй чоң энеси менен чоң атасы балдарды сабабаганын айтышууда. Окуянын кандай болгону иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болот",- дейт М.Султаналиева.
Эскерте кетсек, 5-январдан 6-январга караган түнү “Тез жардам” кызматы аркылуу Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конушунан "өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делип 3 жаштагы бала жана анын 6 жаштагы эжеси Бишкектеги №3-шаардык балдар ооруканасына алынып келинген. Аталган оорукананын дарыгерлери балдардын денесинин ысык сууга күйгөнүн жана алар буга чейин да сабалгандыгынын белгилерин көрүшкөн. Оорукана башчысы балдардын абалы анча оор болбогондуктан, аларга амбулатордук түрдө медициналык жардам көрсөтүп, үйүнө чыгарып жиберген. Бирок 3 жаштагы баланын абалы кайрадан оор болуп, 7-январда ооруканага жаткырылган.