"Акылдуу" эсептегичтер коюлгандан бери калктын 90 пайызы төлөмдөрдү өз убагында төлөп жатышкандыгын "Түндүк электр” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Акылдуу" эсептегичтерди орнотуу долбоорунун бүтөрүнө аз калды. Шаар боюнча 11 миңден ашык эсептегич коюлду. Көп кабаттуу турак жайларда электр энергиясы көп сарпталбагандыктан, коюлган жок. Мындан ары "акылдуу" эсептегичтер Чүй жана Талас облустарынын ири мекемелерине "Түндүк электрдин” эсебинен коюлат. Мындай эсептегичтер коюлгандан бери абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөп калышты",- деп белгиледи аталган ААКнын басма сөз кызматы.