Шашылыш билдирүү! Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

2016-жылдын 11-январында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо калыңдыгы 35-70 сантиметр, түштүк тарабында 90-155 сантиметрди түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Өтмөк ашуусунда кардын орточо калыңдыгы 55-65 сантиметрди түзүп, жолдор тайгак, болуп муз тоңот.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдор тайгак болуп, муз тоңот, кардын калыңдыгы 60-70 сантиметрге жетет. Көк-Бел ашуусунун
355-370-чакырымдарында кар 20-25 сантиметрди түзүп, жолдор тайгак болот.

Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 75-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кардын калыңдыгы 50-55 сантиметрди түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарындагы кардын орточо калыңдыгы: Кызыл-Жарда 20-30 см, Кара-Ташта 40-55 см, Сары-Бээде 40-50 см жана Тамчы чөлкөмүндө 30-40 см.

Бишкек-Торугарт автоунаа жолундагы Долон ашуусунда кар 20-25 см, Кызыл-Бел ашуусунда 20-28 см, жолдор тайгак болот.

Нарын-Казарман автоунаа жолундагы (Кара-Көө ашуусу) ашууда кардын орточо калыңдыгы 60-70 сантиметрди түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо калыңдыгы 55-65 сантиметрди түзөт, жолдор тайгак болот.

Барскоон-Ак-Шыйрак ашуусунда кардын орточо калыңдыгы 45-50 сантиметр, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Өлкөбүздүн тоолуу райондорунда октябрь айынан баштап апрель айына чейин кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат. Азыркы убактарда көпчүлүк тоолуу райондордо жаңы автоунаа жолдору салынып, туристтер жана альпинисттер жүрүүчү жолдор жана тоо-лыжа базаларынын уюштурулуп жатканынын себебинен кар көчкү түшүү коркунучу жогорулайт.

"Кыргызгидромет" кышкы убакта сак болуу үчүн тоолуу аймактарда лыжа, чана тебүүдө, квадроциклде жана карда жүрүүчү унааларды айдоодо, мергенчилик кылууда кар көчкү түшпөш үчүн этият болууга чакырат. Ошондой эле унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан