Жалал-Абад облусунда 2016-жылдын алгачкы 10 күнүндө жарандардан 7 ок атуучу курал алынды. Экөөсү куралды милицияга өз каалоосу менен тапшырышса, мыйзамсыз жашырылган 5 курал алынганын 11-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Былтыркы жылдын январында элден 7 ок атуучу курал алынганы айтылды.
2015-жылы жалпысынан облус тургундары 137 курал тапшырышкан: мыйзамсыз сакталган куралдар - 54, өз ыктыяры менен тапшыргандар - 83. Бир жыл ичинде Жалал-Абад облусунда каттоодо турган 1872 мергенчинин ок атуучу куралы текшерилип, сактоо эрежелерин бузган 94 аңчыга 11 600 сом айып салынганын билдирет мекеме.