Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек башкармалыгы 2016-жылдын 1-январына эң көп талап кылынган адистиктердин рейтингин жарыялады.
Жумушчу адистиктеринин рейтингинин сап башында 644 бош орун менен тигүүчүлөр турат. Экинчиде 279 бош орун менен ашпозчу, ал эми айдоочулардын 237 оруну бош. Сатуучулардын 165, ар кандай жумушчулардын 142, тазалагычтардын 70, электр монтажчылардын 68, наабайчы жана жүк ташуучу жумушчулардын 60 бош оруну бар. Рейтингди коопсуздук кызматкери менен официант адистиктери 70 орун менен бул рейтингди жыйынтыктайт.
Кызматкер адистигинин арасында мугалимдин 190 оруну бош. Кассирдин 150, дарыгердин 109, кыймылсыз мүлк адисинин 93, администратордун 92, риэлтордун 90, менеджердин 58, тарбиячынын 46 жана медайымдын 39 бош оруну бар.