Бишкекте шаардын тазалыгын сактабаган жарандар 2 миң сом айып пулга жыгылат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, борбордун көркүн бузган тургундар "КРнын Административдик жоопкерчилик тууралуу" мыйзамынын 489-беренесине ылайык жоопко тартылышат. Ага ылайык, таштандыны каалаган жерге таштаган жооптуу кызматкерлерге жана ишкерчилик субъектилерине айып 10 миң сом болот. Ал эми эреже бузуу кайра кайталанса, 20 миң сомго барабар болот жана 8 сааттык коомдук иштерге тартуу каралган.