Кара-Суу районунда 2015-жылдын 17-ноябрында катталган жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан Кызыл-Суу айылдык аймагынын тургундарына араб демөөрчүлөрү тарабынан 7 даана 2 бөлмөлүү (40 тонналык) мобилдик турак үйлөр даярдалып берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борбору тарабынан Кызыл-Суу айылдык аймагынын Чайчи айылына 2016-жылдын 11-январында 4 даана 2 бөлмөлүү мобилдик турак үй жеткирилип, мурда бир мобилдик үйгө экиден үй-бүлө жайгашкан көп балалуу үй-бүлөлөргө орнотулуп берилди.
Алар төмөнкүлөр:
- 1 даана мобилдик үй Маканбай Сулаймановго берилди, үйү V даражада жабыркаган,үй-бүлөсүндө 5 адам жашайт. 2 бөлмөлүү 40 тонналык мобилдик үй берилди. 2015-жылдын 30-ноябрында Примбай Сулайманов менен шерик болуп бир мобилдик үйгө жайгаштырылган.
- 1 даана мобилдик үй Жыргал Абдиевге берилди, үйү IV даражада жабыркаган, үй-бүлөсүндө 7 адам жашайт. 2 бөлмөлүү 40 тонналык мобилдик үйгө жайгаштырылды. Мурда 2015-жылдын 1-декабрында Шермамат Абдиев менен шерик болуп бир мобилдик үйгө жайгаштырылган эле.
- 1 даана мобилдик үй Калыбай Мырзабаевге берилди, үйү IV даражада жабыркаган, үй-бүлөсүндө 7 адам жашайт. 2 бөлмөлүү 40 тонналык мобилдик үйгө жайгаштырылды. 2015-жылдын 13-декабрь күнү Курдаш Ныязов менен шерик болуп бир мобилдик үйгө жайгаштырылган.
- 1 даана мобилдик үй Жалал Дардаковго берилди, үйү IV даражада жабыркаган, үй-бүлөсүндө 8 адам жашайт. 2 бөлмөлүү 40 тонналык мобилдик үйгө жайгаштырылды. Жалал Дардаков мурда 2015-жылдын 13-декабрь күнү 20 тонналык бир даана мобилдик турак үйгө жайгаштырылган, азыр ал 20 тонналык мобилдик турак үйгө Шарабидин Мамиев жайгаштырылды.
Дагы 3 даана мобилдик турак үй 2016-жылдын 12-январында жеткирилет.