Бишкектин тазалыгын 16 инспектор гана көзөмөлгө алып, айып пул сала алат. Муну бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына аталган мекеменин юристи Руслан Аитов билдирди. Анын айтымында, төрт районго төрттөн инспектор туура келип, алардын жумушу өтө көп.
“Күнүгө эртең мененки саат 09:30дан 17:00гө чейин шаарды кыдырып акыр-чикирди туура эмес жерге таштаган тургундарды, мекемелерди көзөмөлгө алышат. Тилекке каршы, алардын айлык акысы айып пулдун көптүгүнөн жана суммасынан көз каранды эмес. Былтыртан баштап биз Административдик кодекстин 614-беренесине ылайык, долбоор иштеп чыктык. Ал Бишкек мэриясы тарабынан жактырылса, инспекторлор канчалык эреже бузууну көбүрөөк аныкташса, ошончолук маянасына кошумча акча берилет”,- деди Аитов.