Токтогул ГЭСинде иштен чыккан агрегаттар оңдолду

Токтогул ГЭСинде жарактан чыккан агрегаттар калыбына келтирилди. Муну премьер-министрдин кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев 15-январда энергетика маселеси талкууланган жыйында билдирди.

"Кубаттуулугу 500 киловольт эсептелген №2-кабелдик чубалгынын муфтасы оңдолду. 2016-жылдын 14-январында Токтогул ГЭСинде экинчи блок ишке киргизилип, 200 мегаваттык кубаттуулук берилген. Учурда 790 мегаватт кубаттуулук иштелип чыгууда. ГЭСке кошумча суу жиберүү токтотулуп, нормалдуу иштөө режими калыбына келтирилди.

Керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоодо чектөөлөр болбойт жана энергетикалык жабдуулардын иштөөсүндө көйгөйлөр жок. Бүгүнкү күнгө карата кыргыз энергетикалык тутумунда жетиштүү кубаттуулук иштелип чыгууда, мындан тышкары 400 мегаваттка чейин энергетикалык кубаттуулук резерви бар",- деп билдирди Турдубаев.

Премьер-министр Темир Сариев кыска мөөнөт аралыгында ГЭСтин техникалык абалын комплекстүү иликтөөнү жыйынтыктап, жаңы генерациялык кубаттуулукту киргизүү планын сунуштоо тапшырмасын бергенин билдиришти өкмөттөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан