Бүгүн, 15-январда Биринчи Май райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясын Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча 11-январда кабыл алган токтомду жокко чыгарууга милдеттендирди.
Эскерте кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.