Темир Сариев: “Кара-Кече” кенин 100 жыл иштетсек болот"

“Кара-Кече” кенин иштетүү – 10 миң кишини иш менен камсыз кылат. Муну премьер-министр Темир Сариев 15-январда аталган кенди иштетүүгө сынак жарыялоо маселеси талкууланган жыйында айтты.

“Жалпылап алганда, бул “Кумтөр” алтын кенинен калышпаган өлкө үчүн маанилүү долбоор. Көмүрдүн запасы болжолдуу 500 миллион тонна. Жылына 3 миллион тоннадан көмүр өндүрүлчү болсо, кенди 100 жылдан ашык иштетүүгө болот. Ал эми Балыкчы – Кара-Кече темир жолу Азия менен Европаны бириктирчү трансконтиненталдык жолдун бир бөлүгү болуп калмакчы. Жаңы курулчу темир жолу Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”,- деди Сариев.

Өкмөт жетекчиси кенди иштетүү Нарын облусун гана өнүктүрбөстөн, энергетикалык резерв түзүүгө багытталары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан