Кыргыз-тажик чек арасынын 519 чакырымын делимитациялоо келишими жактырылды

Кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы келишимдин долбоорун өкмөт 15-январда жактырды. Келишимдин шарттары тууралуу биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев маалымат берди.

“1998-жылы эки тараптуу жолугушуулар болуп, бирок бир пикирге келе алышкан эмес. 2003-2006-жылдары 11 жолугушуу болгон. Делимитация иши татаал, бир катар мамлекеттердин архивдеринен топографиялык карталарда чагылдырылган материалдарды изилдеш керек”,- деди Карашев.

Өкмөт мүчөсүнүн айтымында, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 971 чакырым, долбоордо 519 чакырымы камтылууда. “Бул маселе эки мамлекеттин президенттеринин 2013-жылдын 27-майындагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен ордунан жылды. 2015-жылдын 19-ноябрында Бишкекке Тажикстандан делегация келип, өкмөттөр аралык комиссия 519 чакырым чек ара тилкесин делимитациялоо жөнүндө документке кол коюуну чечкен”,- деди биринчи вице-премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан