Премьер-министр Темир Сариев 15-январда өкмөт жыйынында өкмөттүн планы учурдагы чакырыктарга жооп бериши зарылдыгын билдирип, 2015-жылдагы дүйнөдөгү геосаясий окуялар, экономикадагы кыйынчылыктар кыргыз мамлекетинин экономикасына түз таасирин тийгизгенин айтты.
Сариев 2015-жылдын жыйынтыгы менен КМШ өлкөлөрүндө улуттук валютанын олуттуу девальвациясы байкалып жатканын белгилейт.
“Жыл башындагыга салыштырганда казак теңгеси – 86,1 пайызга, орус рубли -39 пайызга, беларусь рубли – 56,3 пайызга, тажик сомониси – 38 пайызга, түркмөн манаты – 47 пайызга, улуттук валютабыз - сом 32 пайызга арзандады. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен салыштырганда оң жыйынтыктарга өкмөттүн антикризистик программасынын эсебинен ээ болдук. Мугалимдер жана мамлекеттик эмес кызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү”,- деди Сариев.