Чыныбай Турсунбеков: "Бардык уюмдар каражаттарын коомго ачык көрсөтүүдөн коркпошу керек"

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 15-январда Демократия үчүн вестминстерлик фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда саясатчылар эки өлкөдөгү парламенттик, партиялык түзүлүштөр боюнча пикир алышты. Турсунбеков өкүлдөрдүн "Шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу маселесин жоюунун кандай жолдору бар?" деген суроосуна жооп берип жатып акча бар жерде сатуу, сатып алууну каалагандар дайыма болорун белгилеп, КСДП бийликтеги партия болгонуна карабай таза шайлоого жетише алгандыгына токтолду.

"Эң башкысы, биометрика аркылуу таза шайлоого жетиштик. Бул боюнча иштер улана берет",- деген Турсунбеков алдыдагы беш жылдыкта КСДП мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтырууга аракет кыларын айтты.

Англиялык партия өкүлдөрүн "чет элдик тыңчылар" жана "сексуалдык азчылыктар жөнүндө" талкууланып жаткан мыйзам долбоорлору кызыктырды. "Жаңы жылдан баштап аткаминерлердин кирешеси гана эмес, чыгашасы да элге ачык жарялана баштайт. Бардык уюмдар гранттар же башка каражаттар боюнча коомго ачык көрсөтүүдөн коркпошу керек, мүмкүн, мыйзамдын аталышын алмаштыруу зарылдыр. Ал эми сексуалдык азчылыктар боюнча жеке пикирим - жаратылыш мыйзамында жашаганыбыз оң",- деди фракция лидери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан