“Парламент такси” долбоору уланууда. Бул жолу “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова жеке менчик автоунаасы менен таксисттин милдетин аткарды.
"Биринчи чыгарылыштагы мүчүлүштүктөрдү эске алып, бул ирет таксиге кызматтык автоунааны колдонгон жокпуз. Программага катышууну каалаган депутаттардан долбоорго алардын жеке менчик унаасын пайдаланууну өтүндүк. Эл өкүлдөрүнүн айрымдары бизнес чөйрөсүнөн келгендиктен, арзаныраак жана жупуну унаа айдап келүүнү, жөнөкөй кийинүүнү талап кылып жатабыз",- деп билдирди интернеттеги социалдык баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу.
Белгилей кетсек, жакында башталган долбоорго ылайык депутаттар түшкү тыныгуу маалында таксисттик милдетти аткарышат. Жүргүнчүлөрдү акысыз жеткирип, алардын ой-пикирлерин, бийлик өкүлдөрүнө тапшырмаларын угушат.