Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбор азиялык аймактык экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1, 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун кийинки долбоору үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо үчүн аванс бөлүп берүү жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 24-декабрында кабыл алынган.

Гранттык макулдашуунун максаты - Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары менен Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарын үзгүлтүксүз транспорт байланышы менен камсыз кылуу.

Макулдашуунун негизинде аталган банктын атайын фондунун эсебинен долбоордук-сметалык документтерди даярдоого 3 миллион доллар акча каражаты аванс түрүндө техникалык жардам катары төмөнкү участкаларга бөлүнөт: Балыкчы шаарынан БАРЭКтин 1-жол коридоруна чейин, аралыгы 43 чакырым; Кочкор айылынан Кызыл-Жылдыз айылына чейин, аралыгы 119 чакырым; Арал айылынан БАРЭК 3-жол коридоруна чейин, аралыгы 91 чакырым.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан