15-январда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын жыйыны өттү. Президенттик аппараттын жетекчиси, комиссиянын төрагасы Фарид Ниязов 2015-жылы көп иштер аткарылганын белгилеп: "Соңку кездерде өлкөбүздүн тарыхы боюнча бирдиктүү көз карашты калыптандыруу боюнча кыргыз мамлекетинин окумуштуулары көп иштерди жасашты”,- деп билдирди.
Отурумда 2016-жыл - Тарых жана маданият жылында аткарыла турган негизги иштердин планы талкууланды. Комиссия мүчөлөрү тарых илимин комплекстүү өнүктүрүү, архив таануу, булак таануу, археология, этнография жана башка тармактарды каржылык колдоо зарылдыгын айтышты. Өлкөдөгү материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана алар тууралуу маалыматты кеңири жайылтуу маселелерине көңүл бурулду.
"Тарых жана маданият жылына карата президенттин жарлыгында белгиленген тарыхый-маданий мурастын объекттерин, археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү, “көмүскө археологдорго” каршы коомчулук менен биргеликте күрөшүү жана эл аралык илимий кызматташтыкты тереңдетүү багыттары боюнча сунуштар айтылды",- деп маалымдашты президенттик аппараттан.