Асылбек Жээнбеков Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдельазиз аль-Сауд менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 17-январда Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдельазиз аль-Сауд менен жолугушту.

Жээнбеков акыркы мезгилде ийгиликтүү түрдө алдыга жылган эки тараптуу мамилелердин абалын канааттануу менен белгиледи. Тараптар 2014-жылдын декабрында президент Алмазбек Атамбаевдин Сауд Арабияга жасаган сапарында жетишилген макулдашуулар оң натыйжа берип жатканын, аларды жакынкы аралыкта ишке ашырууну талкуулашты.
"Баарлашуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн алакасынын келечеги жана аны өнүктүрүүдөгү негизги багыттарынын тегерегинде кеңири пикир алышышты. Буга улай тараптар жакынкы аралыкта жыйынтыгын берүүчү маанилүү долбоорлор тууралуу кеп кылышты",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан