Сот жана тергөө иштерине Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө жактоочулар гана катышышы керек. Юстиция министрлиги "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык ишмердүүлүк тууралуу" мыйзамына ылайык, жактоочулук менен алектенүүгө лицензиясы бар адвокаттар да сот процесстерине катышуу үчүн милдеттүү түрдө Адвокатурага мүчө болушу керектигин билдирүүдө. Алардын мүчө экенин далилдөөчү күбөлүгү болушу шарт.
"Юстиция министрлигине адвокаттык лицензиясы бар, бирок Адвокатурага мүчө эмес жактоочулардын соттук жана тергөө иштерине катышып жатканы жөнүндө жарандардан арыздар, кайрылуулар түшүүдө",- деп билдирет министрлик.