2015-жылдын 11 айында тышкы соода жүгүртүүнүн суммасы 4,9 миллиард долларды түздү

2015-жылдын январь-ноябрь айларында тышкы соода жүгүртүүнүн суммасы 4 миллиард 986 миллион 200 миң долларды түздү. Каржы министрлигинин билдиришинче, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,7 пайызга аз. Экспорт 1 миллиард 304 миллион 400 миң долларды (10,7 пайызга азайган), импорт 3 миллиард 681 миллион 800 миң долларды (27,4 пайызга азайган) түздү.
"Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн чоңоюп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 34,2 пайызга азаюу менен 2 миллиард 377 миллион 400 миң долларды түздү",-
деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан