Депутаттар мамлекеттик карыз жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун талкуулашты

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 18-январдагы жыйынында мамлекеттик карыз жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин талкуулады.

Депутаттардын мындай чечим кабыл алышына аталган мыйзам долбоору каралып жаткан учурда бир катар көйгөйлүү маселелер камтылбай калгандыгы себеп болгону айтылды.

"Жыйын жүрүшүндө депутаттар Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы карызынын так суммасын билүүгө кызыгып, бирок канааттандырарлык жооп ала алышпады. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору бир катар көйгөйлүү маселелерди камтыбай калганын айтышып, сунуштарды эске алуу менен комитеттин кийинки отурумуна алып чыгуу чечимин кабыл алышты",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан