Өкмөттө Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишин жандантуу жолдору талкууланды

Өкмөттө бүгүн, 18-январда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердигин кеңейтүү боюнча жыйын өттү.

Премьер-министр Темир Сариев фонд Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулууда экономикасын адаптациялоо, чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөнүн, бул жаатта фонддун ишин дагы активдештирүү зарылдыгын билдирди.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүү менен катар жаңы ишканаларды ачууга керектүү жабдыктарды сатып алууга насыяларды берүү, мамлекеттик банктар аркылуу айыл чарба ишканаларына берилген насыялардын шартын жеңилдетүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан