Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 18-январдагы жыйынында “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Долбоор Юстиция министрлигине караштуу ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия тарабынан иштелип чыкканы айтылды.
Документ өлкөнүн бюджеттик мыйзамдарынын нормаларынын макулдашылуусун камсыздоого багытталууда. Демилгечилер “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдын 10-беренесине ылайык, шаарлардын жана айылдардын тийиштүү жергиликтүү бюджеттерине аларды иштеп чыккан жери боюнча жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан чегерүүлөрдүн ченемдери 50 пайыз өлчөмүндө белгиленгенин айтышты.
Долбоорду парламенттин жыйынына биринчи окууда чыгаруу чечими кабыл алынды.